Алтын кенди кар көчкү басып калды

17 февраля 2023, 13:12

"Фулл Голд Майнинг" компаниясы иштетип жаткан Иштамберди кенинин тоолуу аймагында калың жааган кардан улам бүгүн, 17-февралда эртең менен кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Тоо-кен металлургия профсоюзунун Борбордук комитетинин жетекчиси Эльдар Тажибаев билдирди.

Натыйжада ишкананын кызматкерлери жашаган жатакананын имараты зыянга учураган. Жабырлануучулардын үчөө Ала-Бука аймактык ооруканасына жөнөтүлдү.

Калыбына келтирүү иштери башталганы белгиленди.

Алтын өндүрүүчү ишкананын 200гө жакын кызматкери кенден ылдый түшүрүлгөн.