Улуттук банк мамлекеттик облигацияларды кошумча жайгаштырат
Кыргызстандын Улуттук банкы 25-июлда жети жылдык мамлекеттик казына облигацияларын кошумча жайгаштырат.
Эмиссиянын жалпы суммасы 100 миллион сомду түзөт.
Кошумчаласак, жети жылдык баалуу кагаздар боюнча кирешелүүлүк 15,2% деңгээлинде белгиленди.