Улуттук банк эки банкка кызматкерлерди дайындады

28 октября 2022, 17:45

Улуттук банк эки банктын кызматына талапкерлерди дайындады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.

Ага ылайык, Алина Эдигеева “Кыргыз-Швейцария Банкынын” башкы бухгалтери болуп дайындалды.

Мындан тышкары, Руслан Орозалиев “Дос-Кредобанкынын” ички аудит кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү чечим кечээ, 27-октябрда кабыл алынды.