Улуттук банк Таластагы кредиттик союздун лицензиясын жокко чыгарды
2021-жылдын 23-июлунан тарта Улуттук банк Талас облусунун Покровка айылындагы "Арча-Жайылган" кредиттик союзунун лицензиясын жокко чыгарды.
Бул чечим кредиттик союзду өзүн-өзү жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу менен байланыштуу болгон.