Улуттук банк кирешесинин 90 пайызын бюджетке чегерип турат

22 июля 2020, 10:30

Сооронбай Жээнбеков кол койгон мыйзамга ылайык, КР Улуттук банкы кирешесинин 90 пайызын казынага өткөрүп турууга тийиш. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында айтылат.

КР Ѳкмѳтү 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча КР Улуттук банкынын республикалык бюджетке чегерилүүчү пайдасынын 256 527 300 сом ѳлчѳмүндѳгү он пайызын Мамлекеттик бюджеттик резервге жѳнѳтүшү керек.

Белгилей кетсек, азыркы учурда республикалык бюджеттин кирешесине чегерүүгө тийиш Улуттук банктын кирешесин бөлүштүрүүдөгү төлөмдөрдүн өлчөмү 70 пайызды түзөт.