Улуттук банк Кепилдик фондду көзөмөлгө алат

22 июля 2019, 15:41

 Улуттук банк июлдун ортосунда 550 млн сомдук Кепилдик фондунун 49% акциясын сатып алды.  Эми Улуттук банк акциялардын көлөмдүү бөлүгүнө ээ болгондуктан,  Кепилдик фондун толук көзөмөлгө  алат деп билдирди  экономист Искендер Шаршеев.

Экономикалык экспрет бул демилгени жакшы деп белгиледи. Бирок, ийгиликтүү  иштебей, тескеринче кепилдик фонд чыгашалуу болсо анда аны резерв аркылуу камсыздандыруусу керек деп билдирет эксперт.

«Эгерде ири кредиттик уюм алган насыясын кайтара албаса, анда Улуттук банк аны коргоошу керек. Бирок, окуя тескери өнүксө эмне болот?», — деп суроо  салды  Шаршеев.

Улуттук банк ишенимсиз кардарларга насыя бербөөгө каттуу талап коюшу мүмкүн. Андыктан, оң кредиттик тарыхы бар кардарлар гана кайрылууга тийиш. Ал эми Улуттук банк резервдерин сактоо үчүн Кепилдик фондунун ийгиликтүү  иштөөсүнө кызыкдар болушу мүмкүн. 

Башкапкы капитал —ишеним

Баштапкы капиталдын көбөйүшү жана жөнгө салуучунун катышуусу ишенимди артырмакчы. Рыноктор  Ассоциациясынын башчысы  Сергей Пономаревдун пикиринде фонд пайдалуу иштеди. Эми Улуттук банк дагы ишенимди артырмакчы. 

«Улуттук банк туруктуу, ишенимдүү орган. Анда  жетиштүү финансы ресурстары бар. Анын катышуусу фондго болгон ишенимди артырат. Кепилдик фонду — акционердик коом. Улуттук банк эч кандай мыйзам бузбастан катышууда», —деп билдирди  Пономарев.