Улуттук банк акча которуу тууралуу жаңы токтомду коомдук талкууга койду
КР Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар системаcы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.
Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар жана акча которуу системаларынын операторлору долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2020-жылдын 27-январынан кечиктирбестен adjakubova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.