Улуттук банк 118 млн сомго баалуу кагаздарды кошумча жайгаштырды

5 октября 2021, 09:10

Улуттук банк 118 миллион сомго мамлекеттик казына векселдерин жана мамлекеттик казына облигацияларын кошумча жайгаштырды, деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Эки жылдык баалуу кагаздарды кошумча жайгаштыруунун көлөмү 85 миллион сомду түздү.

12 айлык облигацияларды кошумча жайгаштыруу көлөмү ар бири 33 миллион сом болду.