Улуттук банк 300 млн сомго мамлекеттик облигацияларды кошумча жайгаштырат

10 декабря 2021, 17:28

Улуттук банк 13-декабрда 15 жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларын кошумча жайгаштырат. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. 

Ал эми эмиссиянын пландаштырылган көлөмү 300 млн сомду түзөт. Баалуу кагаздардын бир нускасынын номиналдык баасы 73,88 сомду, кирешелүүлүгү 13 пайызды түзөт. 

Кошумчалай кетсек, 10-декабрда өткөн аукциондун жыйынтыгы менен 15 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздардын эмиссиясы боюнча ушундай эле пайыздык чен түзүлгөн.