УБ банк тутумунан 13,1 млрд сом ашыкча ликвиддүүлүктү чыгарат

29 ноября 2022, 09:07

Бүгүн, 29-ноябрда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Жалпысынан ноталарды жайгаштыруу жолу менен Улуттук банк банк тутумунан 13,1 миллиард сом ашыкча ликвиддүүлүктү алууну пландаштырууда. Көзөмөлдөөчү эң көп акчаны 14 жана 7 күндүк мөөнөткө, тиешелүүлүгүнө жараша 4,6 млрд сом жана 4 млрд сом тартууну пландаштырууда.

Кошумчаласак, бүгүнкү күндө Улуттук банктын жүгүртүүсүндө 32 миллиард 460,9 миллион сомдук ноталар бар. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук сумма.