Улуттук банк ашыкча ликвиддүүлүктү банк системасынан алып салат

15 марта 2022, 09:03

15-мартында жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күндүк Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондору өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет.

Эмиссиянын жалпы көлөмү 4,3 млрд сомду түзөт. Баарынан да 14 күндүк ноталар аркылуу банк системасынан 1,6 млрд сом алуу пландалууда.

Кошумчалай кетсек,14-мартка карата Улуттук банк банк системасынан 11 млрд 942 млн 930 миң сом чыгарган.