Улуттук банк банктык эмес уюмдарга кредит берүүгө ниеттенүүдө

7 декабря 2022, 09:02

Кыргызстандын Улуттук банкы “Депозиттерди тартуучу банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга акыркы инстанциядагы кредит жөнүндө” жобонун долбоорун талкуулоо жана кызыктар тараптардын сунуштарын чогултуу башталганын билдирди. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Сунушталып жаткан жобонун максаты депозиттерди тартуучу банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга акыркы инстанциядагы кредит берүүнүн жалпы шарттарын жана тартибин аныктоо болуп саналат.