Сом еврого карата бекемделди. Улуттук банктын курсу

12 декабря 2022, 16:11

Улуттук банк 13-декабрга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курсун жаңылады. Ага ылайык, сом рубль жана теңгеге карата арзандап, еврого карата бекемделди.

Баарынан да сом теңгеге карата 0,5%га арзандап, 0,1808 сомду түздү. Экинчи орунда сомго карата рубль 0,29% түшүп, 1,3577 сомду туздү.

Евро сомго карата 0,15% төмөндөсө, доллар мурдагы деңгээлинде калды.