Улуттук банк дагы эки валюта сатуучуга айып пул салды

19 августа 2022, 09:12

Улуттук банк лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн дагы эки валюта соодагерине айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, алар өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүзүшкөн.

“Улуттук банктын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын эки жаранына 17,5 миң сом айып салынды”, - деп билдирди Улуттук банк.