Улуттук банк Ислам өнүктүрүү банкынын 46-жыйынына катышты

6 сентября 2021, 14:50

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Ташкентте өткөн Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) башкаруучуларынын 46-жыйынына катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстанда каржылоонун ислам принциптерин өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты, ошондой эле Ислам банкын түзүү боюнча ИӨБ менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорду талкуулашты.

Кыргыз тарап төртүнчү тегерек столду Бишкекте Кувейт Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен өткөрүүнү сунуштады.