Улуттук банк эки акча алмаштуруучу жайдын лицензиясын токтотту

4 февраля 2022, 17:47

Улуттук банк эки акча алмаштуруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында жарыяланды.

Тактап айтканда, «Капитал Кэш» ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жайынын нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясынын аракети 4-февралдан 13-февралга чейин токтотулган. «Топ Финанс» ЖЧКсынын лицензиясынын аракети 5-февралдан тартып 14-февралды кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.

Мындай чечим Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн кабыл алынган.