Улуттук банк бир эле убакта төрт акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту

11 января 2022, 16:07

Кыргызстандын Улуттук банкы Бишкекте иштеп жаткан төрт акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалды.

Алсак, ушул жылдын 12-январынан тартып 15 календардык күндүк мөөнөткө “Жетиген и Ко”, “Жетиген прупп”, “БМК Компани” жана “Жетиген Финанс” ЖЧКларынын лицензиялары токтотулду.

Такталгандай, тийиштүү чечим өлкө мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна байланыштуу кабыл алынган.