Улуттук банк "Опция плюс" күрөөканасынын лицензиясын убактылуу токтотту

13 апреля 2022, 16:40

Улуттук банк "Опция плюс" күрөөканасынын лицензиясын убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында маалымдалды.

Мындай чечим 12-апрелде кабыл алынган жана ал 21-апрелге чейин уланат, башкача айтканда тогуз күнгө созулат. Чечимдин кабыл алынышына Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бериши себеп болгон.

Кошумчалай кетсек, күрөөкана өз ишин Бишкек шаарында жүргүзөт.