Улуттук банк валюта рыногуна дагы 35,6 млн доллар сатты

15 февраля 2023, 20:02

Кыргызстандын Улуттук банкы 15-февралда дагы бир жолу интервенция менен валюта рыногуна чыкты.

Бул жолу көзөмөлдөөчү орган 35,6 миллион долларды 87,42 сомдон сатты. Бардык бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөр бүтүмдүн датасынан айырмаланган дата боюнча жүргүзүлгөн.

Кошумчалай кетсек, быйыл Улуттук банк валюта рыногуна төртүнчү жолу чыгып жатат. Бул убакыт аралыгында жалпысынан 227 миллион 170 миң доллар сатылды.