Улуттук банк мугалимдердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу тренингдерди уюштурду

29 августа 2019, 14:42

Улуттук банк Германиянын эл аралык кызматташуу боюнча Сактык кассалар фонду менен биргеликте Каракол шаарында 2019-жылдын 26-27-августтарында орто мектептердин мугалимдерин финансылык сабаттуулук негиздерине окутуу боюнча тренингдердин жетинчи баскычын уюштурду.  Бул тууралуу КРУБтун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 2019-жылдын 19-августунан тартып 21-августуна чейин ушул багытта тренингдер Нарын шаарынын мугалимдери үчүн уюштурулган. Тренингдер, жогоруда аталган Фонд тарабынан буга чейин уюштурулган финансылык сабаттуулук боюнча тренингден өтұшкөн мугалим-мультипликаторлор тарабынан өткөрүлгөн. 

2016-жылдан 2019-жылга чейинки мезгил ичинде Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок шаарларында, ошондой эле Чүй, Ош, Ысык-Көл жана Нарын областтарында финансылык сабаттуулук боюнча тренингдердин 7 сериясы өткөрүлүп, анда 600гө жакын мугалим катышкан.