Ош: Улуттук банк «Жеке каржыны башкаруу» темасында семинар өткөрөт
Кыргызстандын Улуттук банкы 21-декабрдан 24-декабрга чейин Ош шаарынын жана Ош облусунун шариат аалымдарынын жана ОшМУнун теология факультетинин студенттеринин катышуусунда “Жеке каржыны башкаруу” деген темада семинар өткөрүүдө.
Иш-чаранын максаты өлкөнүн каржылык кызматтары жана каржы системасы тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу.
"Семинарда финансылык институттардын негизги түрлөрү; жеке каржыны башкаруу; тобокелдиктер жана финансылык коопсуздук; Ислам банкинги: исламдык банкинг операцияларынан салттуу банктык операциялардын айырмасы жана башка маселелер каралат", - деп айтылат маалыматта.