Улуттук банк 270 млн сомго облигацияларды жайгаштырат
Улуттук банк мамлекеттик казына облигацияларын үч жылдык мөөнөткө жайгаштырууну көздөп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруунун көлөмү 270 миллион сомду түзөт. Купондук чен 5%.
Купондук төлөмдөр 2022-жылдан 2024-жылга чейин март жана сентябрда жүргүзүлөт.