Улуттук банк 6,5 млрд сомго кыска мөөнөттүү ноталарды жайгаштырат
Улуттук банк 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарды жайгаштырат. Аукцион 10-августта өтөт, деп билдирди мекемедегилер.
Улуттук банк 6,5 миллиард сом жайгаштырууну көздөп жатат:
- 2 миллиард - 7 күн;
- 1,6 миллиард - 14 күн;
- 2,6 миллиард сом - 28 күн;
- 300 миллион - 91 күн.