Улуттук банк 11,9 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

16 января 2023, 17:35

Ушул жылдын 17-январында Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Чыгаруунун пландаштырылган көлөмү 11,9 млрд сомду түзөт.

Улуттук банктын ноталары боюнча 10-январда өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү 11,23%, 11,89%, 12,46% жана 13,69 пайызды түздү.