Улуттук банк 13,3 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

1 ноября 2022, 09:37

Бүгүн Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк банк тутумунан 13,3 миллиард сом алууну көздөп жатат.