Улуттук банк 14,6 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

4 ноября 2022, 15:49

Келерки аптанын 9-ноябрында Улуттук банк жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдирди. 

Баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк банк тутумунан 14,6 миллиард сом алууну көздөп жатат.

Эске салсак, 1-ноябрда өткөн ноталардын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Улуттук банкынын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 12,46%, 12,96%, 13,47% жана 15,18%ды түзгөн.