Улуттук банк 21,5 млрд сомго ноталарды жайгаштырат

24 января 2023, 09:23

Бүгүн Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришти.

Баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк банк тутумунан 21,5 миллиард сом алууну көздөп жатат.

Эске салсак, 17-январда өткөн Улуттук банктын ноталары боюнча аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 10,50%, 11,50%, 12,21% жана 13,66%ды түзгөн.