Улуттук банк 200 млн сомго орто мөөнөттүү баалуу кагаздарды жайгаштырат

30 сентября 2021, 12:10

Улуттук банк мамлекеттик казына облигацияларды эки жылдык мөөнөткө жайгаштырууну көздөп жатат. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Жайгаштыруунун көлөмү 5% купондук чен менен 200 миллион сомду түзөт.

Купондор 2023-жылга чейин апрель жана октябрь айларында төлөнөт.