Куралдуу кагылыштан жабыркагандарга берилген 283 насыя жоюлду

22 ноября 2022, 15:54

Финансы-кредиттик уюмдардын малыматына ылайык, 17-ноябрга карата Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган 443 карыз алуучу Финансы-кредиттик уюмдарга кайрылган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Анын ичинен 283 кредит 19 млн 459 миң сом жоюлса, 36 млн 487 миң сомдук 155 кредит реструктуризацияланган.

“Учурда Финансы-кредиттик уюмдар бул аймактарда жабыркаган карыз алуучулардын бардык арыздарын кароодо, - деп билдирди Улуттук банк.