Бир катар коммерциялык банктарда кадрдык өзгөрүүлөр болду

28 марта 2021, 11:00

Улуттук банк 25-мартта «Капитал Банктын» аудит боюнча өкүлү жана директорлор кеңешинин мүчөсү катары Бакыт Жумадыловду дайындады. Бул тууралуу регулятор билдирди. 

«Капитал Банктын» коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү жана директорлор кеңешинин мүчөсү катары Нурбек Беделбаев бекитилди. 

Кошумчалай кетсек, «Демир Кыргыз Интернэшнл Банктын» ички аудитинин жетекчиси болуп Максат Добаев дайындалды.