Улуттук банк 280 адамдын насыясын кечти

16 ноября 2022, 15:32

Улуттук банк Башкармасы Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуулардан жабыркаган комбанктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын кардарларына, финансы-кредиттик уюмдарга колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомун ишке ашыруунун алкагында 280 насыяны кечти. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, финансы-кредиттик уюмдарга 443 карыз алуучу кайрылган.  Ал эми кечилген насыялардын жалпы суммасы 19 миллион 370 миң сомго жеткен. 

Мындан тышкары, 28 млн 836 миң сомго 138 насыя реструктуризацияланган.

“Учурда финансы-кредиттик уюмдар жабыр тарткан бардык карыз алуучулардын арыздарын кароодо”, - деп белгилейт Улуттук банк.