Улуттук банк бир катар коммерциялык банктарга талапкерлерди жактырды

18 июня 2021, 14:50

Улуттук банк директорлор кеңешинин мүчөсү кызматына бир катар коммерциялык банктардагы талапкерлер боюнча макулдашты. Бул тууралуу мекемеден маалым болду. 

Ага ылайык:

  • Кубаныч Абдраимов “Демир Кыргыз Эл аралык Банк” ЖАКтын тобокелдиктерди башкаруу комитетинин төрагасы/директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү;
  • Эрмек Абласов ААК "Бакай банктын" көз карандысыз мүчөсү;
  • Миррад Сатымкулов "Керемет Банк" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • Айбек Абдылдаев "Аманбанк" ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы/директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү;
  • Алымбаев Токтоназар "Аманбанк" ААКтын директорлор кеңешинин көзкарандысыз мүчөсү;
  • Эрмек Алчиев ФинансКредитБанк ААКтын тобокелдиктерди башкаруу комитетинин төрагасы/директорлор кеңешинин көзкарандысыз мүчөсү/болуп бекитилген.