Улуттук банкы быйыл эң чоң интервенция жасады

24 ноября 2021, 09:31

Кече, 23-ноябрда Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты. Бул быйылкы он экинчи валюталык интервенция. Маалымат Улуттук банктын сайтында жазылды.

Бул жолу регулятор 70 миллион 300 миң доллар сатты.

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери Улуттук банк улуттук валютанын курсун тегиздөө үчүн 517 миллион 50 миң доллар короткон. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 113 миллион 900 миң долларга көп.