Улуттук банк эки банктын кызмат ордуна талапкерлерди жактырды

24 января 2022, 09:56

Бүгүн, 24-январда Улуттук банк эки коммерциялык банктын кызмат орундарына талапкерлерге  макулдук берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Алсак, Улуттук банк “Кыргызкоммерцбанк” ААКтын башкармасынын төрагасы кызмат ордуна Мирвета Воинценин талапкерлигин жактырды.

Андан тышкары, Айбек Давлесов “Керемет Банк” ААКтын төрагасы, директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана аудит комитеинин төрагасы кызмат орудна, Станислав Карпович директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна жана Кастору Мамытованы аталган банктын башкармасынын төрагалыгына жактырган.