Улуттук банк дагы бир акча алмаштыруучу жайга айып пул салды

5 августа 2022, 09:15

Улуттук банк акча алмаштыруучу жайга 55 миң сом айып салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, айып пул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн салынган.

Билдирүүдө алмашуу бюросунун аталышы жана дареги көрсөтүлгөн эмес.

Кошумчаласак, учурда Улуттук банк валюталык спекуляцияга жол бербөө үчүн банктарга жана акча алмаштыруу жайларына көзөмөлдү күчөттү.