Улуттук банк банк тутумунан 14,2 млрд сом алууну көздөөдө
Бүгүн, 25-июлда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт.
7 күндүк ноталардын көлөмү 4,5 миллиард сом, 14 күндүк ноталар - 4,5 миллиард, 28 күндүк ноталар - 4,4 миллиард, 91 күндүк ноталар - 700 миллион, 182 күндүк ноталар - 100 миллион сом болот.
Белгилеп кетсек, 18-июлда өткөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 11,68%, 11,90%, 12,10%, 134% жана 134%ды түзгөн.
Кошумчалай кетсек, 24-июлга карата Улуттук банктын жүгүртүүдөгү ноталарынын жалпы көлөмү 52 миллиард 803 миллион 400 миңди түздү.