Улуттук банк эскертет: жасалма акчаларды жайылтуу КР жазык кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат

13 февраля 2020, 11:20

Чет өлкө валютасынын жасалма банкнотторунун пайда болгондугу тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарга байланыштуу Улуттук банк жарандарды чет өлкө валюталарын алмаштыруу операцияларын ишке ашырууда кылдат болууга чакырат.

Нак чет өлкө валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн акча алмаштыруучу жайлардан  банкноттун аныктыгын валюталар детекторунан текшертип алуу керек. Акча алмаштыруу бюросунун лицензиясы жана каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын түп нускасы көрүнүктүү жерде илинип турууга тийиш. Эгерде күмөн жараткан улуттук валюта сыяктуу эле чет өлкө банкноттору/ монеталары табылган учурда укук коргоо органдарына же Улуттук банкка жазуу жүзүндө кайрылуу зарыл.

Улуттук банк, аныктыгы күмөн банкнотторду өткөрүүгө аракет кылбоого чакырат. Себеби жасалма акчаны жайылтуу иш - аракети Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин талаптарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет (225-берене).