УБ: Коронавируска чалдыккан KICBнин кызматкери тууралуу арыз түшкөн эмес

1 апреля 2020, 14:23

Интернет булактарында КР Улуттук банкынын жетекчисине, KICB банк коронавирус менен ооруган кызматкерин жашырып койгондугу тууралуу арыз таркап кеткен.

Арызда коронавирус илдетине чалдыккан кызматкер KICB банктын башкы кеңсесинде иштегенди жана бул тууралуу банктын жетекчилигине 28-мартта билинсе дагы, ал маалыматты жашырып койгондугу жазылган. 

Маалыматтын чын-төгүнүн билүү максатында «Акчабар»  Улуттук банктын жетекчилигине кайрылды. 

«Ибрагимжанов аттуу жарандан Улуттук банктын жетекчилигине  KICB банк тууралуу арыз түшкөн эмес. Эгерде мындай арыз түшсө, Улуттук банк белгиленген тартипте карап чыгат» — деп билдиришти Улуттук банктан.