Улуттук банк MEGA компаниясын сатып албайт

27 февраля 2023, 16:50

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Улуттук банк "Альфа Телеком" ЖАКты сатып алууну пландабаганы белгилүү болду.

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талкуулоодо депутат Эльвира Сурабалдиева Улуттук банктын өкүлүнөн жөнгө салуучу орган MEGA компаниясын сатып алгысы келбегенин ырастоону суранды.

"Жок, биз капиталыбыз бар жерде гана [сатып алабыз]. Ошол жерден гана [акцияларды] сатып алабыз, эгерде ал Улуттук банктын алдына коюлган максаттарга жана милдеттерге туура келсе", — деди Улуттук банктын жетекчисинин орун басары Манас Жакыпов.