Улуттук банк 8-мартка карата сомдун расмий курсун жарыялады

7 марта 2022, 17:54

Улуттук банк 8-мартка карата валюталардын курсун жарыялады. Бул тууралуу борбордук банктын расмий сайтында маалымдалды.

АКШ долларынын расмий курсу 97,6945 сомду түзөт. Бул бүгүнкү көрсөткүчтөн 0,02%га жогору. Бүгүн борбор калаадагы коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайларда долларды 97-98 сомдон сатып алып, 98,5 сомдон сатууда.

Мындан тышкары, орус рублинин курсу 0,02%га жогорулап, 0,9233 сомду түздү. Мында евро сомго карата 1,34%га төмөндөп, 106,1255 сомду жана теңге 1,32%га төмөндөп, 0,1939 сомду түздү.