Улуттук банк «Оптима» жана «Бай-Түшүмдөгү» кадрдык өзгөрүүлөрдү жактырды

28 февраля 2024, 09:54

Улуттук банк Кыргызстандагы эки коммерциялык банкта негизги башкаруучу кадрларды дайындоого макулдук берди. 

Ага ылайык, "Бай-Түшүм Банкы" ачык акционердик коомунда кадрдык өзгөрүүлөр болду. Алсак, Жумабек Салымбеков директорлор кеңешинин төрагалыгына бекитилди. Ал эми Бакытбек Байсеитов ички аудит бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Улуттук банк ошондой эле "Оптима Банк" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө Арман Мангитовдун талапкерлигин жактырды.