«Керемет Банктын» башкармалыгынын төрагасы бекитилди

25 июля 2022, 11:19

Кыргызстандын Улуттук банкы "Керемет банк" сунуштаган талапкерди макулдашты. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, Улуттук банк Тимур Бербаевди “Керемет Банк” ААК башкармалыгынын төрагасы кызматына бекитти. Тиешелүү чечим ушул жылдын 21-июлунда кабыл алынган.

Эске салсак, директорлор кеңеши аны "Керемет Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындоо боюнча чечимди 30-июнда кабыл алган. Бирок кызмат ордун расмий бекитүү жөнгө салуучу органдын чечиминен кийин болот.

Кошумчаласак, буга чейин Тимур Бербаев “Керемет Банктын” башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген.