Улуттук банк «Керемет Банктын» директорлор кеңешине жаңы кадрды дайындады

20 ноября 2020, 17:38

Кыргызстандын Улуттук банкы 19-ноябрда «Керемет Банктын» директорлор кеңешине жаңы кадрды дайындады. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат. 

Кабыл алынган чечимге ылайык, Сейтек Дүйшөналиевдин талапкерлиги жактырылган. 

Эске сала кетсек, буга чейин Улуттук банк «Айыл Банкка» үч кандидаттын талапкерлигин жактырган.