Улуттук банк «Демир банкка» жаңы талапкерди бекитти

17 апреля 2024, 15:18

Кыргызстандын Улуттук банкы "Демир Банктын" ички аудит бөлүмүнүн башчысынын талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Белгиленгендей, "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" жабык акционердик коомунун ички аудит бөлүмүнүн башчысы кызматына Кутман Шакировдун талапкерлиги жактырылды.