Улуттук банк коммерциялык банкка мыйзам бузгандыгы үчүн айып пул салды

4 мая 2023, 15:30

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдөгү коммерциялык банктардын бирине айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органы өзүнүн сайтында жазды.

Маалым болгондой, айып пул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн салынган.

Кошумчаласак, Улуттук банк 23 банктын кайсынысы мыйзам бузганын жана айыптын көлөмүн тактаган жок.