Мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаранга айып пул салынды

9 ноября 2022, 15:30

Улуттук банк эки мыйзамсыз акча сатуучуга айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды. 

Маалыматка ылайык, Улуттук банк Кыргызстандын (М.А.А., М.Т.С.) жарандарына Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмаштыруу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн айып салган. 

Айып пулдун суммасы 17,5 миң сомду түзөт.