Улуттук банк Ошто мыйзамсыз акча жүгүрткөн эки жаранга айып салды

27 марта 2023, 14:58

Улуттук банк эки жаранга (К.Ы.А. жана С.у.Н.) лицензиясы жок валюта менен операцияларды жасагандыгы үчүн айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Нак чет элдик валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн салынган айыптын суммасы 17,5 миң сомду түзгөн.

Белгилеп кетсек, бул иш 24-март күнү Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгынын жана Ош шаарындагы аэропортту тейлөө боюнча аба транспорт башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда аныкталган.