Таласта мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаранга айып салынды

26 января 2023, 09:11

Таласта мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаранга айып салынды. Бул тууралуу Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришти.

Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын К.А.К., Т.у.М. аттуу эки жаранына 17 миң 500 сомдон айып салынды.