Улуттук банк орус жаранына мыйзамсыз валюта операциялары үчүн айып салды

13 сентября 2022, 09:14

Кыргызстандын Улуттук банкы дагы бир мыйзамсыз валюта сатуучуга айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Бул жолу Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү фактысы Ош облусунун аймагында катталды.

Ага ылайык, Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгы Россиянын жаранына 17,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салды.