Улуттук банк дагы эки мыйзамсыз валюта сатуучуга айып салды

17 февраля 2023, 17:37

Кыргызстандын Улуттук банкы эки мыйзамсыз валюта сатуучуга (А.М.К., С.А.Н.) айып пул салды.

Тактап айтканда, көзөмөл органынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмаштыруу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн ар бирине 17,5 миң сомдон айып салынган.

Эске салсак, кечээ гана Улуттук банк КР мыйзамдарын бузгандыгы үчүн сегиз акча алмаштырган жайдын лицензиясын убактылуу токтоткон.